<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><key>F</key>
<title>Ким бата берет деп ATT195</title>
<lyrics>[V1]
. Em          C        Am    B
 Ким бата берет деп, көптөрү издешет
.     Em      C        Am    B
 Ким өмүр берет деп, көптөрү издешет
.    Em      C        Am    B
 Ойгонуу келет деп, көптөрү издешет.
.     Em      C        Am    B
 Керемет керек деп, көптөрү издешет.
.   Em    C    Am     B
 // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! //

[V2]
 Бирөө кызматыңды издейт, бирөө жөндөмүңдү издейт.
 Бирөө багытыңды издейт, бирөө жемишиңди издейт.
 Бирөө байлыгыңды издейт, бирөө майлооңду издейт.
 Бирөө айыгууңду издейт, бирөө бошотууңду издейт.
 // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! //

[V3]
 Алып бар мени Теңир, асканын башына,
 Алдыма Сен келгин, Өзүңдүн даңкыңда.
 Жолуңду ач мага, Сени мен тааныйын,
 Жүрөгүмдөн жалынам Теңирим мен Сага.
 // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! //

[V4]
 Суусаган эликтей күнүгө издейм Сени,
 Чаңкаймын Теңир, билгенге Сени,
 Уктабай түндө мен, издеймин Сени,
 Табынып алдыңда, Кудайым менин.
 // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! //

[V5]
 Сүйүктүү Теңирим, кымбатым менин,
 Каалаймын жаныңда болгонду Сенин,
 Чөгөлөп алдыңда, күтөм ар таңда,
 Самаймын Сени, муктажмын Сага.
 // Мага болсо Өзүңдү ачып бер! //</lyrics>
<hymn_number>195</hymn_number>
</song>